super.kg logo
  Саясат  

Президент чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү боюнча токтомго кол койду

 

Президент Садыр Жапаров чет өлкөдө каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө жеткирүү тартиби жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Башка мамлекетте каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн репатриациялоо тартибин жөнгө салуу, ошондой эле каза болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Өкмөткө сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;

— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө каза болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине каза болгонКыргыз жарандарынын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;

— Ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: