super.kg logo

АКШда алты буттуу күчүк туулду (сүрөт)

 

АКШнын Оклахома штатында алты буттуу күчүк туулду. Бул тууралуу Нил ветеринардык ооруканасынын Фейсбуктагы баракчасына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыкты.

16-февралда катуу бороондо бордер-колли тукумундагы иттин күчүгү сегиз бир тууган менен туулганын оорукананын ээси доктор Тина Нил билдирген. Аталган күчүккө Шкипер лакап аты берилген. Бороондон кийин үй ээлери күчүктү ветеринарларга текшерүү үчүн ооруканага алып кетишкен.

УЗИ жана рентгенограммада Шкиперде аномалия (грек. anomalia – нормалдуу эмес, туура эмес, нормадан ашыкча) болгондугун көрсөткөн. Эки жамбаш, эки төмөнкү заара чыгаруу жолу, эки репродуктивдүү аймак, эки куйрук жана алты бут. Ошол эле учурда жаныбардын органдары эң жакшы формада жана күчүк өзүн жакшы сезет. Ветеринарлар кырдаалдын өзгөчөлүгүн эске алып, аны көзөмөлдөөнү уланта турганын жана Шкипер өмүр бою өзүн эркин сезиши үчүн оорудан арылууга жардам берүү керектигин белгилешип, ал үчүн аракет көрүшүүдө.

Буга чейин Ахалцихе шаарына жакын жайгашкан грузин кыштагында жашыл күчүк төрөлгөн. Ага Гринч деген лакап ат коюлган. Анын ээси буга чейин жергиликтүү зоопарктын өкүлдөрү байланышка чыккандыгын, бирок алар итке белек кылууну көздөбөгөнүн айткан. Гринч менен бирге дагы жети күчүк төрөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: