super.kg logo

Фейсбук австралиялыктарга жаңылыктарды бөлүшүүгө уруксат берди

 

Австралия бийлиги жана Фейсбук ЖМКларды жаңылыктарды жарыялагандыгы үчүн акча төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун карап чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазган маалыматта айтылат.

Буга чейин "Фейсбук" компаниясы Австралиянын бардык медиа басылмаларына жаңылыктарды фейсбук аркылуу бөлүшүүгө бөгөт койгон. Бийлик бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макул болгон. Мындан кийин Фейсбук Австралияда жаңылыктар контентинин жайылышына коюлган чектөөлөрдү алып салууну чечти.

Келишим Австралиянын каржы министри Жош Фрейденберг менен Фейсбуктун башкы директору Марк Цукербергдин дем алыш күндөрүндөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган. Анда Фейсбук компаниясы Австралия бийлигинин чечимине канааттангандыгын билдирген.

Эске салсак, Фейсбук өткөн жумада Австралиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүн жаап салган. Штаттын өкмөттүк жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин бир нече эсептери дагы жаңылыштык менен бөгөттөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: