super.kg logo
  Саясат  

"Жетекчиси качып кеткенде ИИМди тартипке салган". Жанар Акаев Курсан Асановдун камакка алынышы боюнча оюн айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду камактан бошотуу керектигин айтты. Мындай билдирүүнү депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Курсан Асанов адилетсиз түрмөдө отурат. Ал октябрь окуяларында коопсуздукту сактап, шаарды талап-тоноо, башаламандыктын алдын алууга эң чоң себепкерлердин бири. Азыркы бийлик генералды камагандын ордуна алкыш айтышы керек эле. Жетекчиси качып, башкаруусуз калган ИИМди дароо тартипке салды, Асанов баргандан кийин милиция ишке чыкты, абал жөнгө салынды. Ыктыярчылар да чоң салым кошту. ИИМди басып алган деп камакка алуу акыйкатсыз чечим болду, Асанов тез арада бошотулушу керек!" - деп жазды ал.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Курсан Асанов 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка алынган. Эске салсак, Курсан Асанов 9-февралда СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которулганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: