super.kg logo

Ангела Меркель: "Германия пандемиянын үчүнчү толкуну менен күрөшүп жатат"

 

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдө пандемиянын үчүнчү толкуну башталып жатат деп эсептейт. Ал мындай пикирин фракциялардын жыйыны учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

"Биз азыр үчүнчү толкун менен күрөшүп жатканыбызды жашыра албайбыз", - деген ал өз сөзүндө.

Меркелдин айтымында, Германияда коронавирус менен күрөшүү боюнча жумушчу топ карантин чараларын акырындан жоюу стратегиясынын үстүнөн иштөөнү улантышы керек.

Меркель жолугушууда экономика жаатында алгач дүкөндөрдү, андан кийин ресторандар менен мейманканаларды ачуу маанилүү экендигин баса белгилеген.

Эске салсак, 16-декабрдан баштап коронавирустан улам Германияда катуу карантин күчүнө кирген. Анда азык-түлүк, тиричиликке маанилүү буюмдарды саткан дүкөндөрдөн башка бардык соода түйүндөрү жабылган. Дүкөндөрдө жана коомдук транспортто коргоочу бет капты тагынуу керек. Карантин 7-мартка чейин күчүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: