"Азыркы тапта Кореяда 2 Кыргыз жараны жазасын өтөп жатат" дейт башкы прокурордун орун басары
Депутат Бакирдин Субанбеков Кореяда жашаган Кыргыз жарандарынын арасында соттолгондордун санына кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында сурады.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев: "Азыркы тапта 2 Кыргыз жараны жазасын өтөөдө. Андан тышкары, буга чейин бир жаран жазасын өтөп чыгарылган", - деди.
Кыргыз мамлекети менен Кореянын ортосундагы келишимге ылайык мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды.
Турусбек Ишеналиев келишим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Адилет министрлиги соттолгон адамдарды өткөрүп берүү багытында иштелип чыкканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.