super.kg logo

Жалпы баасы 2 миллион сомдон ашык. Ошто мыйзамсыз сатылып жаткан 20 миңден ашык алкоголь ичимдиктери алынды

 

Ош облусунда 20 миңден ашык бөтөлкө алкоголь мыйзамсыз сатылып жаткан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын жана тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатылып жаткандыгы аныкталган.

"Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миллион сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 20 миң 819 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдардын негизинде чаралар көрүлдү", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: