super.kg logo

6 жолу уурулук кылышкан. Чүйдө өлкөдө аз санда кездешкен велосипеддерди уурдоого шектелип, 18 жаштагы балдар кармалды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бир нече жолу уурулук кылганга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында Ысык-Ата РИИБине Кант шаарынын жашоочусу кайрылган. Анда түнкүсүн көп кабаттуу үйлөрдүн биринен велосипедин белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "Уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Териштирүү учурунда уурдалган велосипеддин үлгүсү Кыргыз өлкөсүндө аз санда болгондугу жана айрым бөлүктөрү атайын жасалгандыгы аны издөө иштерине чоң мүмкүнчүлүк түзгөн. Натыйжада уурдалган велосипед өткөн жылдын жай айларында интернет аркылуу башка адамдарга сатылып кеткени аныкталган. Ал эми кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган Н.А. жана Г.Д. аттуу балдар кармалышкан. Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн Ысык-Ата районунун аймагында 6 уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: