super.kg logo

Жалал-Абад шаарында окуучулар арасындагы предметтик олимпиада башталды (сүрөт)

 

Бүгүн, 24-февралда Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучуларынын арасында бир катар сабактар боюнча олимпиада башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2 тур менен өтө турган олимпиадада окуучулар 10 предметтен таймашат.

"Олимпиаданын ачылуу иш-чарасына вице-мэр Руслан Алтымышев катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалады. Учурда олимпиадага жалпы 465 окуучу катышып жатат. Шаардык баскычтан жеңген окуучулар облустук олимпиадага жолдомо алат.

Жеңүүчүлөргө грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилет. Аларга калаа бюджетинен акча каражаты бөлүнгөн", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: