super.kg logo

Японияда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн каза болгон ыктыярчылардын үй-бүлөсүнө ири суммадагы кенемте төлөнөт

 

Японияда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн ыктыярчылар каза болсо, анын жакындарына 44 миллион йен (болжол менен 35 миллион 216 миң 560 сом) кенемте төлөнөт. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Япония өлкөсүндө бир нече күн мурда массалык эмдөө башталган.

Анда айтылгандай, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү коронавирус инфекциясына гана эмес, сасык тумоо, өпкө оорусуна каршы эмдөөдөн өтүүдөн кооптонууда. Мындан улам аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эмдөөдөн өткөндөргө кенемте берүү каралды. Тагыраагы, эмдөө терс таасир этип, ден соолукка зыян келтирилсе кенемте берилет. Ал эми каза болуп калса маркумдун жакындарына 44 миллион йен, ал эми дарыгерлердин катасынан экени анык болсо кенемтеден тышкары сөөктү жерге берүүгө 209 миң йен (болжол менен 167 миң 67 сом) өзүнчө каралган.

Эмдөөнүн таасиринен улам биринчи топтогу майып болуп калса, анда жыл сайын бейтапка 5 миллион 500 миң йен (болжол менен 4 миллион 396 миң 524 сом) төлөнөт.

Япониянын саламаттыкты сактоо министри Норихиса Тамура өкмөт вакцинанын коопсуз экендигине ишенерин билдиргени айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: