super.kg logo

Чүйдө Хизбут-Тахрир диний экстремистик уюмунун көз карашын жайылтууга шектелген жаран кармалды

 

Чүйдө Хизбут –Тахрир диний экстремистик уюмунун көз карашын жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан интернет түйүндөрү аркылуу Кыргыз республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин көз карашын камтыган материалдарды таркатып жаткан аккаунт аныкталган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жогорудагы аккаунт аркылуу таркатылган материалдарда өлкөдө тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз карашын камтыган материал бар экендиги аныкталган.

Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 23-февраль күнү Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 43 жаштагы Б.Э. аттуу жаран Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.02.2021. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаштарга тарбия беруу диний муноздо болбошу керек. Жаштарды диний жол менен эмес, жонокой жол менен деле мыкты тарбия берсе болот. Диний экстримиттик идеяларды жайылткан диний кызматкерлер да бар. Алар азыр жашыруун мечиттерде сабак берип жатышат. Аны кобу билишпейт. Мындай тетири идеялогияга угуттогондорго катуу козомол кылгыла.
emil91 түзөттү 2021-02-24 19:38:55
24.02.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emil91, динден толук маалыматы жоктугунан ушундай экстремизм пайда болот. Балдарга динди толук жеткирип тушундуруп окутуш керек. Бааленин баарынан алыс болот...
26.02.2021. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emil91 Ислам Дини эн таза дин. Адамдар оздору жаман жолго тушуп алышат. Керек болсо Исламда жер планетасы тоголок экени пайгамбарлар убагында эле билинген. А дунуйо жузу СССР космоско спутник жоноткондо билишкен, а Рим Папасы 1995 жылы жер тоголок экенин тастыктаган. Бул бери жагы эле.
Модератор admin_media түзөттү 2021-02-26 09:30:11
24.02.2021. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Линий фанатизм менен экстемизимдин ортосу бир кадам, муфтият ушуга окшогон нерселер менен катуу курошуш керек.
24.02.2021. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Rusi79,
Туура эгер жаны келген муфтият чыныгы айкол, билимдуу болсо,анда диний фанатизмге жол бербейт. Мечитте, медреселерде бир эле диний адептер эмес, укук, кыргыз, дуйнолук тарыхы тууралуу да баяндар отуп турушу зарыл. Жаштардын ан сезимин озгортот.
24.02.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emil91, аны арстан алай экоон кылгыла...
26.02.2021. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emil91,Сен пайгамбар корсоткон жол менен жаша да, муфтийдин эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: