super.kg logo

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

 

2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Чапчыма, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Урматтуу жүргүнчүлөр! Өлкөбүздүн алыскы унаа жолдорунда кар көчкү коопсуздугу күч алып жаткандыгына байланыштуу алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: