super.kg logo

Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан кармалды делген 5 жаран мекенине кайтарыла элек

 

"Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана алардын барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт" деп буга чейин УКМК маалымдаган.

Ошол эле учурда мекеме 5 жаран Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган жана учурда бул жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Бирок Кыргыз жарандары азыр да мекенине кайтарыла элек. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталы тактоого аракет кылып Чек ара кызматына кайрылып, жооп ала алган жок.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусунда ыйгарым укуктуу өкүлүн маалымат кызматы жарандар коңшу өлкө тарабынан өлкөгө кайтарыла электигин, бул иш боюнча азыр да эки өлкөнүн тиешелүү өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлады.

"Жарандар кайтарылса, расмий маалымат берилет. Азыр эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: