super.kg logo

Баткен ОИИБинин жетекчиси Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларын кыдырып, ички иштер бөлүмдөрүнөн кабар алды

 

Баткен ОИИБинин жетекчиси Мурат Боронов Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларын кыдырды. Ал ички иштер бөлүмдөрүнөн кабар алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жериндеги өздүк курамдын бүгүнкү күндө кандай шартта иш алып барып жаткандыгы боюнча жеринен таанышты. Катталган кылмыштардын бетин ачуу жана кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу багытында жогорку деңгээлде кесиптик чеберчиликтерди пайдалануу, эл менен ар дайым сылык мамиледе болуп, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча ар бир кызматкерди чакырып кетти.

Кадамжай, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүн мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү боюнча бир топ тапшырмаларды берди.

Өздүк курам менен жолугушуусунда “милиция кызматкери тейлеген аймакта тартип болуш керек, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү эл менен биргеликте алардын ишенимине кирип, ак ниет менен кызмат кылуусу зарыл, ошондо гана элдин коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында иштер бир топ алдыга жылат» деп Мурат Боронов өз сөзүндө белгилеп кетти.

Кадамжай районундагы иш сапарында Кадамжай РИИБинин имаратынын курулушу менен таанышып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: