super.kg logo

Блогер Элмир Сыдымановдун соту уланууда. Кийинки отурумдарда сот чечим чыгарат

 

Бүгүн, 24-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун соту болду. Бул тууралуу блогер SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү отурумда сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырып, комиссиялык экспертиза жүргүзгөн адистерди кийинки отурумга чакыруу тууралуу сунушун берген.

"4-марттагы отурумда экспертиза жүргүзгөн адистер менен биргеликте комиссиянын жыйынтыгын карайбыз. Ал эми 10-мартта сот чечим чыгарды",- деди блогер.

Окуянын чоо-жайы:

Инстаграмда Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргыз өлкөсүнүн айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Элдин нааразычылыгын жараткан блогер кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган.

28-февралда ал үй камагына чыгарылган.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керек экенин айтып, соттук териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Буга чейин Сыдымандын соту бүгүн 12-ноябрга белгиленип, ал Садыр Жапаровдон жардам сураган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: