УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды
УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат бере элек.
Азырынча Матраимов кайсы ооруканага жаткырылганы боюнча маалымат жок.
Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
20-февралда Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынган. Буга чейин Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп "Тез жардам" чакырылып жатканы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

ГКНБ эки жуздуу иш алып барып жатат. Буга чейин эмне учун оору канага жаткан эмес эле. Атамбаевти чыгарбай коюшкан. Раимди кантип чыгарып коюшту