Окуучулардын тамактануусунун сапатын жакшыртуу максатында эми мектептерде жер-жемиш өстүрүлөт

Кабыл алынган чечимге жараша, жалпы билим берүү уюмдарынын аймагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектеп алдындагы чарбаны түзүүгө укуктуу.
Жер тилкеси болбогон учурда жалпы билим берүү мекемесинин директору мектеп алдындагы чарбаларды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жер тилкесин берүү тууралуу арызы менен кайрыла алат.
Белгилесек, учурда республиканын 1485 мектебинде 1-4 класстын окуучулары үчүн ысык тамактандыруу уюштурулган.
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен мектеп тамактандыруусун уюштурууга жылына бир окуучуга 7-10 сомдон эсептегенде, болжол менен 500 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын тамактануу рационун тийиштүү түрдө түрлөнтүп, витаминдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.
Мектеп алдындагы чарбалардын болушу жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларына айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, ошондой эле алардын азык-түлүк рационун кеңейтүү аркылуу окуучулардын тамактануу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Аталган чечим ошондой эле мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды, ошондой эле мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.