Бишкектеги мектептердин биринде "акылдуу лабораториянын" бет ачары аземи болуп өттү





Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги №67 мектепте Weidong Smart School пилоттук долбоорунун алкагында "акылдуу лабораториянын" бет ачары аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, пилоттук долбоордун алкагында мектепке 30 ноутбук жана мультимедиялык интерактивдүү доска акысыз берилди. Аталган шаймандар бири-бири менен байланышкан жана бирдиктүү жергиликтүү тармакка бириктирилген. Бул окуучулар менен мугалимдерге тез арада маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт.
"Алгачкы ачык сабакка окуучулар менен бирге Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева жана "Weidong Cloud Education Group" компаниясынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Таалай Дайырбеков катышты.
Мультимедия кеңсесинин ишке кириши салттуу билим берүү процессине электрондук билим берүүнү киргизүү процессин тездетет. Чыныгы убакыт режиминде тексттик маалыматтар, сүрөттөр, видео жана аудио файлдарды алмашуу мүмкүнчүлүгү менен мугалимдер сабак учурунда башкаруунун ийкемдүү куралдарына ээ болушат. Жалпысынан интерактивдүү визуалдык билим берүү техникасын колдонуу окутуунун сапатын жогорулатууга гана эмес, балдардын билим берүү процессине көбүрөөк кызыгуусун арттырат",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык мэриясы менен "Weidong Cloud Education Group" компаниясынын ортосундагы "акылдуу класс" долбоорун ишке ашыруу тууралуу меморандумга 2019-жылы күздө кол коюлган.


