super.kg logo

Бишкекте уурулукка шектелип кыз менен бала кармалды

 

Бишкекте уурулукка шектелип кыз менен бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 14-февралында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын жараны арыз менен кайрылган. Арызда 13-февраль күнү саат 19:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта "Стронг" спорт комплексинин жанынан белгисиз жарандар темир люкту уурдап, из жашырып кетишкенин айтып, арыз жазган.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 19-февралында Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 14:30 чамасында Дордой базарындагы соода контейнерлеринин биринен 12 миң 500 сомдук уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, аларга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде шектүү катары 1991-жылы туулган Н.А. жана 1997-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми Свердлов райондук соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.02.2021. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармап чыгарганда не пайда конгон адетин кыла беретда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: