"Эмне деген керемет". Легандарлуу Санташ дөбөсүнүн кышкы көрүнүшү сүрөтчүнүн көзү менен





Белгилүү сүрөтчү Влад Ушаков кезектеги кермет сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы уламышка айланган Санташ дөбөсүнүн кышкы көрүнүшү тартылган.
"Легендарлуу Санташ февраль айында" деп жазып калтырган сүрөтчү Влад Ушаков.
Санташ дөбөсү жөнүндө эл оозунда мындай бир уламыш бар: Тимур (Тамерлан) XIV кылымдын акыркы чейрегинде Чыгыштагы өлкөлөргө бара жатканда, Түп суусун кечип өтөрдө аскерлерине: "Ар бир жоокер сайдан бирден таш алып, белдин түзүнө үйсүн!" деген буйрук берет.
Чыгышта көп жеңиштерге ээ болгондон кийин кайра Санташ аркылуу өтүп бара жатканда үйүлгөн таштан бирден алып анан жанына кайра үйүгө буюрат. Мурдагы таш дөбөдө калган таштар Чыгышта курман болгондордун санын көрсөтүптүр. Ошондон бери бул жер Санташ деп аталып калган.




1 |