super.kg logo

"Телмире тиктеп карагандар "Жапаровдун баласы болосуңбу?" деп көп сурашат". Президентке окшош мырза өзү жөнүндө айтып берет (сүрөт)

 

Интернет беттерине президент Садыр Жапаровго куюп койгондой окшош болгон, ага түспөлдөш жигиттин сүрөтү тарады. Азыркы тапта ал сүрөткө пикир жазып, экөөнү катар тизип коллаж жасап, социалдык тармактын беттерине чыгарган колдонуучулар көп. Дал ушул окшоштугу менен интернет жылдызына айланган Аскар Байдилда өзү жана элдин Жапаровго окшоштурганы жөнүндө SUPER.KG порталына айтып берди.

"БИШКЕКТЕ ОКУП КАЛУУМА КАРЫНДАШЫМ СЕБЕПКЕР"

- Мен Аскар Байдилда, улутум казак. Кыргыз өлкөсүнө карындашым Асель себепчи болуп келип калгам. Ал бул жакта окугандыктан “Кыргыз өлкөсүндө билим берүү жакшы” деп мени да кызыктырган. Алгач Бишкекке 2013-жылы келип окууга тапшырдым. Ошентип бул жакта алты жыл билим алдым. Окууну бүтүп, кайра өз өлкөмө практика өтөө үчүн кеткем. Ал жакта бир эле жыл болдум. Казакстандагы ортопедия борборлорунун биринде практика өтөп, кайра көнгөн шаарым Бишкекке кайтып келдим. Буюрса, бул жактан клиника ачуу планымда бар.

"МЕНИ КӨРГӨНДӨР, ТАҢЫРКАП КАРАЙ БЕРИШЕТ"

- Президент Садыр Жапаровго окшош экенимди ар бир жолуккан же мени көргөн экинчи адам айтат. Кыргыз өлкөсүнө келип, окуй баштаганда эле "Садыр Жапаров деген саясатчы бар, ошол адамга окшош экенсиң" деп окшоштуруп калышчу. Кийин ал президент болгондо көчөдө, коомдук транспортто мени таң калып карагандар көбөйдү. Мындай учурда өтө ыңгайсыз болуп, өзүмдө кемчилик жокпу деп карай берчүмүн. Телмире тиктеп карагандар кээде "Жапаровдун баласысыңбы?" деп жиберишчү.

"САДЫР ЖАПАРОВДУН БАЛАСЫ БОЛОСУҢБУ ДЕП СУРАШАТ"

- Бир жолу паркта эс алып жүрсөм, бир байке мени көзүн албай карап жатты. Ал караган сайын ыңгайсызданам. Бир маалда жаныма басып келип “Сен Садыр Жапаровдун баласы же тууганысыңбы?" деп сурады. "Жок" десем, "эки тамчы суудай окшош экенсиң" деп таңыркап басып кеткен.

"АТА-ЭНЕМ АРДАКТУУ ПЕНСИЯДА"

- Үй-бүлөм бар, үйлөнгөнүмө бир жыл болду. Азыркы тапта Бишкектебиз. Карындашым Асель да ушул жакта окуп, дарыгерлик кесипке ээ болгон. Ал бул жактан турмушка чыгып, ушул жакта калып калган. Ал эми ата-энелерим азыркы тапта ардактуу пенсияда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.02.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чын эле окшош экен.
25.02.2021. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындап окшош экен
25.02.2021. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тараздагы Маликахон кафесиндеги сурот го алдагы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: