super.kg logo

Бишкекте айып короого токтотулган 20дан ашык унааны кайра каттоодон өткөрүүгө убада кылган шектүү кармалды

 

Бишкекте айып короого токтотулган 20дан ашык унааны кайра каттоодон өткөрүүгө убада кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү Октябрь РИИБине Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда М. аттуу жаран Ахунбаев жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинен арыз ээсинин ишенимине кирип, айып короодо турган жыйырмадан ашык унааны кайра каттоону убада кылып, 170 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алган. Андан кийин убадасын аткарбай из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "Алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: