Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
25-февралынан 26-февралына чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.
Бүгүн, 25-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
25-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Чапчыма ашуусу жана башка ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


