Кусейин Карасаевге арналган "Кылымдарга тете из калтырган залкар" аттуу китеп көргөзмө өтөт

Иш-чара бүгүн саат 14:00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Кыргыз-Түрк адабият борборунун Чыңгыз Айтматов атындагы залында ачылат.
Түрколог, лексиколог, окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы уюштуруп жатат.
Кусейин Карасаев 1901-жылдын 5-январында азыркы Түп районунун Кең-Суу айылында орто чарба үй-бүлѳдѳ тѳрѳлгѳн.
Ал кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер болгон. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.