Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн тоолук жигит 6-классынан баштап Жалал-Абаддагы кыргыз-түрк лицейинде окуп калат. Ал окуп жүргөн мезгилинде чет өлкөдө билим алуу тууралуу ойлонгон деле эмес. Исламбек мектепти бүтүп жаткан убакта жогорку окуу жайларды таанытуу иш-чараларынын биринде Кореядагы университет тууралуу угуп калат. Аракет жана каалоонун натыйжасында каарманым бир жылдан кийин Чыгыш Азиядагы Корей жарым аралында жайгашкан өлкөгө билимге суусаган жаштардын агымына кошулуп сапар алат.
Ал Корей өлкөсүнө баргандагы алгачкы сезимдерин төмөнкүчө эскерет:
“Учактан түшкөндө эле эң биринчи көзгө урунган нерсе Кореянын абасы болду. Башкача болдум. Көпкө чейин көнө албай жүрдүм. Ал эми шаарларынын архитектурасы аябай өнүккөн. Көргөн көздүн жоосун алган бийик, кооз имараттары абдан көп.
Ал эми элдин тартиптүүлүгү үлгү аларлык. Эң жөнөкөй мисал, көчөдө эч бир унаа жок болсо да, айдоочулар менен жөө адамдар жол чырактын жашыл, кызыл күйүшүн күтүп турушат. Ошондой эле корейлер сырткы келбетине аябай кам көрүшөт экен. Толук адамдарды чанда жолуктурасың”.
Исламбек Гангвон-до шаарында орун алган Кангвон улуттук университетинде химия жаатында акысыз билим алып жатат. Кореядагы студенттик жашоосу аны көп нерсеге үйрөткөнүн ал төмөнкүчө айтып берди.
"Алгач Кыргыз тамактарын жасаганга үйрөндүм. Көптөгөн Корей шаарларын кыдырып, маданиятын көрдүм. Жаңы келгенибизде Кыргыз студенттер аз болчу.
Кийин көбөйө баштады. Мурдагы студенттер жаңы келгендерди учактан тосуп алып, документ, жатакана сыяктуу иштерин бүтүргөнгө жардам беребиз.
Алар үчүн “Welcome to Korea” иш-чарасын уюштуруп, Кыргыз тамак-аштарын жасап, музыкаларын коюп беребиз. Башка шаардагы Кыргыз студенттер да келет. Дем алыш күндөрү футбол ойнойбуз. Айтор, кызыктуу студенттик күндөр өтүп жатат".
КЫРГЫЗ СТУДЕНТИН ТАН КАЛТЫРГАН КОРЕЙ ЖАШТАРЫ
Исламбек Ашырмаматов корей студенттеринин тырышчаактыгына абдан таң калат. Анын айтымында, корей жаштарынын арасында атаандаштык абдан күчтүү. Алар кичинесинен эле мыкты билим алып, мыкты компанияларга жумушка орношуу үчүн максат коюшат. Экзаменден жогорку бааларды алыш үчүн күнү-түнү окушат.
Китепканалар ар дайым адамга толуп турарын айткан кыргыз студент: “Башында корейлерге салыштырмалуу аз окуйт элем. Алардын окууга болгон ынтызарлыгы абдан чоң мотивация болду. Акырындан жоопкерчиликтүүлүккө үйрөндүк.
Окууну бүткөнчө белгилүү сабактарды окуп бүтүшүң керек. Аны качан аласың, кантип аласың өзүңдүн эркиң. Мен көбүнчө жуманын төрт күнүндө сабакка барып, калган күндөрү тапшырмаларды аткарып, эс алууга убакыт бөлчүмүн”, - деди.
Ал азыр онлайн түрүндө да, офлайн түрүндө да билимин тереңдетип жатат. Башкача айтканда, айрым сабактарын интернет аркылуу окуса, айрым сабактардан күн сайын милдеттүү түрдө лабораторияга барып эксперименттерди жасап турат. Исламбектин келечекте сөзсүз мекенине кайтып келип, Кыргыз өлкөсүнүн илим-билимине салым кошсом деген ниети бар.