super.kg logo

Аялдарга күч колдонуп, муунтуп, телефонун тартып алышкан. Чүйдө тоноочулукка шектүүлөр кармалышты

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында аялдарга карата үч тоноо фактысы катталган. Ал окуяларда белгисиз эркек балдар аялдарга күч колдонуп, муунтуп, телефондорун тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "Тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында түнкүсүн аялдарды тоноого шектелип 20 жаштагы Б.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы К.Д. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.02.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
прическаларына куйосунда. иш кылса ишке тойбогон маалдары экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: