super.kg logo

Си Цзиньпин Кытай жакырчылыкты жеңип чыкканын жарыялады

 

Кытай жакырчылыкка каршы күрөштө толук жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Кытайдын жакырчылыкка каршы күрөшүү иш-аракеттерине арналган жыйында "Коммунисттик партия менен кытай элинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында биз жакырчылыкка каршы күрөштө толук жеңишке жетиштик", - деген.

Анын айтымында, акыркы 8 жылда 100 миллионго жакын айыл тургуну жакырчылыктан чыгарылган. 832 округ жана 128 миң айыл жакыр аймактардын тизмесинен чыккан.

Жалпысынан 1970-жылдардагы реформа саясаты башталгандан бери 770 миллион жаран жакырчылыктан чыгышкан. Ошондой эле Си Цзиньпин ушундай ийгиликтер менен Кытай дагы бир керемет жасаганын жана ал тарыхта каларын кошумчалаганы маалымдалат дүйнөлүк маалымат каражаттарында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аттыкыны жептир си цзинпин
25.02.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайлар кыйын өкмөтү да жакшы иштешет. Кытай акыры жүрүп дүйнө жүзүн башкарат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: