super.kg logo

Ысык-Көл облусунда 2 күндүн ичинде 7 килограммдан ашуун баңгизаты табылды

 

Ысык-Көл облусунда 2 күндүн ичинде 7 килограммдан ашуун баңгизаты табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Ак-Суу районунун аймагында 1982-жылы туулган О.А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда чөнтөгүнөн полиэтилен баштыгына оролгон, өзгөчө кендир жыты бар каражат табылган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, алынган каражат 50 грамм гашиш жана 424 грамм марихуана баңги каражаттары болгон.

Мындан сырткары, 21-февралда Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жашаган 1978-жылы туулган К.Ш. аттуу жарандын үйүндөгү чатырынан полиэтилен баштыгына оролгон өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Алынган каражаттар 4 килограм 520 грамм марихуана жана 365 граммды түзгөн гашиш баңгизаты деп аныкталган.

"Ошондой эле ошол эле күнү кызматтык итти пайдалануу менен тинтүү жүргүзүү учурда Түп районунун Сары-Тологой айылындагы 1977-жылы туулган О.Б. аттуу тургундун кароосунан өзгөчө кендир жыты бар бир кап каражат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм марихуана алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 7 килограмм 994 граммды түзгөн. Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: