super.kg logo

Билим берүү министринин орун басары ата-энелер менен онлайн жолугушуу өткөрдү

 

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы мектептерге балдарын 1-класска каттай албай калган ата-энелер менен онлайн режимде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Надира Жусупбекова 1-класска балдарды каттоонун эрежелерин ата-энелерге түшүндүрүп, алардын суроолоруна жооп берген.

"Балдарды мектепке кабыл алуу боюнча жарандардын кайрылууларын кароо үчүн Бишкек шаарынын ар бир райондук билим берүү борборунда комиссиялар түзүлөт.

Ал комиссиялардын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, райондук билим берүү борборлорунун, Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын, МАБдын жана көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү кирет", - деп айтылат маалыматта.

1-класска балдарды электрондук кезекке киргизүүнү билесизби? Ага коюлган талаптар, милдеттер шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: