super.kg logo

"250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган". Мелис Аспековдун тарапташтары президентке кайрылуу жасашты

 

Бүгүн, 25-февраль Бишкек шаарында “Мелис Аспековду коргоо” аталышында пресс-конференция өттү.

Ага жарандык активист Мелис Аспековду коргоо комитети, “Чүй Сары-өзөн” коому, “Талас саясий ынтымагы” коомдору жана жети дубандан колдоочулары келген.

Уюштуруучулар токтом кабыл алып, анын негизинде президент Садыр Жапаровго Мелис Аспековдун ишин мыйзамдуу карап беришин өтүнүп кат жөнөтүштү.

Мелис Аспековду коргоо комитетинин төрагасы Жамаке Мамбетов төмөнкүлөрдү билдирди.

“Буга чейин пресс-конференция бергенбиз. Бүгүн дагы берип жатабыз. Аспеков эмне үчүн экени белгисиз, бир себептер менен кармалып жатат, мыйзам чегинде иликтенип, үй камагына чыгарылса, сот иштерине качпай бармак. Ушул маселени конституциянын гаранты болгон президентибиз Садыр Жапаровго жеткизип коюу максатында ушул жыйынды уюштурдук”, - деди Мамбетов.

Буга чейин жарандык активист Мелис Аспеков УКМК тарабынан 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: