super.kg logo

Армениянын Куралдуу күчтөрү премьер-министр Пашиняндын отставкасын талап кылууда

 

Армениянын Куралдуу күчтөрү премьер-министр Никол Пашиняндын жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылууда. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, алар Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Тиран Хачатрянды негизсиз себептер менен кызматтан алынгандыгына байланыштуу чечкиндүү нааразычылыгын билдиришүүдө. Куралдуу күчтөрдүн мүчөлөрү Армениянын премьер-министри жана өкмөтү Армения эли үчүн кризистик кырдаалда керектүү чечимдерди кабыл ала албагандыгын баса белгилешкен.

"Армян Куралдуу күчтөрү көптөн бери бийликтин чабуулдарына чыдап келди. Бирок бардык нерсенин өз чеги бар. Азыркы шартта Армениянын Куралдуу күчтөрү премьер-министрдин жана өкмөттүн отставкасын талап кылат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: