super.kg logo

Орусия Кыргыз өлкөсүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн жана тамак-аш азыктарын жеткирүүгө даяр

 

Кечээ, 24-февралда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Орусиянын Айыл чарба министри Дмитрий Патрушев, «Бириккен дан компаниясынын» ААКсынын жетекчиси Дмитрий Сергеев жана Балык чарбасы федералдык агенттигинин жетекчиси Илья Шестаков менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда министр Аскарбек Жаныбеков айыл чарба жаатында тараптардын кызматташуусунун оң тенденциялары жөнүндө айтып, 2018-2019-жылдарга карата өлкөлөрдүн ортосундагы айыл чарба продукциясы менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 10 пайызга, Кыргыз өлкөсүнөн экспорттун өсүшү 30 пайызга, Орусиядан импорт 4 пайызга жогорулагандыгын белгилеген.

Жолугушууда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Орусиянын Айыл чарба министрлигинин ортосунда буудай, өсүмдүк майы сыяктуу жана башка айыл чарба продукцияларын жеткирүү жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул документ кызматташуунун мындан ары илгерилетишине кызмат кылат. Меморандумду ишке ашыруу Орусиянын «Бириккен дан компаниясы» менен Кыргыз өлкөсүнүн жеке камсыздоочуларынын ортосундагы кызматташтык аркылуу жүзөгө ашырылат.

Жолугушууда Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев Орусия өкмөтү ушул жылдын апрель айынан баштап, Кыргыз өлкөсүнө дан эгиндеринин керектүү көлөмүн, ошондой эле башка айыл чарба өсүмдүктөрүн жана тамак-аш азыктарын жеткирүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда эки ведомствонун министрлери айыл чарба үрөндөрүн жеткирүү жана мал чарбасын асылдандыруу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулашкан.

Мындан тышкары, кыргыз өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы Балык чарбасы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун тез арада кароо маселесине токтолушту. Маселенин чечилиши бул багыттагы кызматташууну өркүндөтүп, балык жана балык азыктары менен өз ара сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда баардык нерсе өсөт.Эмнеге бейиштей жерибизди иштетпей,башка өлкөдөн сатып алабыз?Биз Орусияга ,Казакстанга сатышыбыз керек эле..
25.02.2021. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mister-XXX,биздин эркектер жалкоо,озбектер жакшы дыйканчылык кылат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: