Никол Пашинян Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысын кызматтан алды
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Куралдуу күчтөрдүн башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алды. Мындай чечимин ал премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган Куралдуу Күчтөрдүн билдирүүсүнөн кийин дароо Фейсбуктан түз эфирге чыгып билдирген.
"Абал өтө оор. Мен Башкы штабдын башчысын жана анын биринчи орун басарын кызматтан кетирүү боюнча чечим кабыл алдым. Мен бул чечимдердин себебин аянтта жарыялайм. Эң башкы милдет өлкөдөгү тынчтыкты сактап калуу", - деген ал өз сөзүндө.
Пашинян Карабахтагы болгон окуяларга толук жоопкерчиликти алгандыгын кошумчалап, буга байланыштуу жогорку даражалуу аскер кызматкерлеринде маселе жаралгандыгын айткан. Премьер-министр бул маселелер айрым генералдарга жакпай калышы мүмкүн экендигин четке каккан эмес.
Эске салсак, Армениянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган. Андан кийин премьер-министр Пашинян аскерлердин бул талабын "төңкөрүш аракети" деп сыпаттап, өз тарапкерлерин аянтка чогулууга чакырган.





1 |