super.kg logo

Жылуу кийиниңиз. 26-февралга карата аба ырайы

 

Эртең, 26-февралда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;

Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -5…-10;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -15…-17, күндүз -6…-8 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: