super.kg logo

Компьютердик клубда уктап жаткан жарандын телефонун уурдай качкан. Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды

 
Бишкекте компьютердик клубка уурулукка кирген деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү Ленин РИИБине Т.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 16-февралда болжол менен саат түнкү 00:43төр чамасында Ахунбаев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги даректен белгисиз адамдар арыз ээси уктап жатканынан пайдаланып, баасы 18 миң сом турган уюлдук телефонун уурдап кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине, 200-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, 1992-жылы С.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата СИЗО-1ге бир айга камакка алуу түрүндөгү чарасын тандаган. Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: