super.kg logo

Өзгөндө 10 жашар кызына өгөй атасы ыплас иш-аракеттерди кылып жүргөн деген келиндин иши боюнча териштирүү башталды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 10 жашар кызына өгөй атасы ыплас иш-аракеттерди кылып жүргөн деп кайрылган келиндин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Прогресс айылынын 29 жаштагы тургуну 25-январь күнү саат 19:00 чамасында өзүнүн үйүндө күйөөсү аны уруп денесине жаракат келтиргендиги боюнча арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу аял анын биринчи турмуштагы 10 жаштагы кызына күйөөсү бөлмөнүн ичинде ыплас аракеттирди жасагандыгы жөнүндө билдирген. Кызга карата соттук медициналык текшерүү болуп анда кыздын денесинде жаракаттар байкалбагандыгы, кыздык белгиси бүтүн жана арткы тешиги дагы жабыркабаганы аныкталган.

Бирок буга кыздын апасы макул эместигин билдирип, кошумча соттук-медициналык экспертизага токтом дайындап берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылган. Анда келиндин өтүнүчү канааттандырылып 10 жаштагы кызга карата кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Келин 2008-жылы Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын жашоочусуна турмушка чыгып, жарандык никеде жашап 2010-жылы уулдуу жана 2011-жылы кыздуу болушкан. 2011-жылдын декабрь айында жарандык никедеги жолдошу кылмыш жасап соттолуп кеткен. Мындан улам ал балдарын багуу үчүн 2014-жылы Орусияга кеткен. Ал жактан Өзгөн районунун тургуну 31 жаштагы Ж.З. менен таанышып, 2019-жылдын апрель айында баш кошуп бирге жашап келишкен. 2020-жылдын октябрь айында Орусиядан өлкөгө келишип жолдошунун үйүндө жашап калышкан. Бирок ортолорунда балдары жок.

Кыздын өгөй атасы Ж.З окуя боюнча көрсөтмө берип, анда өгөй кызына карата эч кандай ыплас аракеттерди жасабагандыгын, өз баласындай мамиле кылаарын, уруша кеткендигине өчөшүп аялы ага карата тергөөдө туура эмес маалыматтарды берип жаткандыгын билдирген. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши боюнча 10 жашар кызга кошумча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык, ал эми алынган ич кийимдерине соттук-биологиялык, апасына жана өгөй атасына карата соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалган. Учурда жыйынтык чыга элек.

"Келиндин интернетке Өзгөн РИИБинин кызматкерлери боюнча жайылткан видео кайрылуусу чындыкка дал келбейт, себеби сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери объективдүү жүргүзүлүп келүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.02.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне эле болуп баратат адамдар!
25.02.2021. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошол көргөн убакта не айтпай, эми айтып чыкты күйөөсүнүн кызына кылган мамилесин. Өзүндө бар,баладан эрди өдө көргөнсүн акмак,ошол убакта баарибир болгон экен да сага. Эми түштөн кийин айткандан уялбайсынбы. 2,3 бала менен башка күйөөгө чыкпай эле койгулачы сураныч, бирөөнүн балдарына бирөө ата боло албайт. Чанда болот, анда да аялдан зависить этет. Кудай балдарды ата энесинен ажыратпасын.
25.02.2021. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр ушундай куу аялдар көп,жалаа жаап акча алышат..Бул да ошолордун бирөөго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: