super.kg logo

Ошто бензини түгөнүп калган "Тез жардам" унаасы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги түшүндүрмө берди

 

Буга чейин социалдык тармактарда Ош облусунун Араван районунда "Тез жардам" унаасы чакырууга бара жатып бензини түгөнүп өчүп калгандыгы тууралуу видео тараган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда "Тез жардам" унаасынын бензини чакыруу учурунда түгөнбөгөндүгүн билдиришти.

"Араван үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Майсал Мамытовдун билдирүүсүнө ылайык, бул "Тез жардам" унаасы Араван районуна караштуу С.Юсупова жана А.Анаров аймактарын тейлейт.

24-февралдан 25-февралга караган нөөмөттө жалпы 11 чакыруу болуп, 15 литр бензин корогон. Кийинки нөөмөттөгү айдоочуга бензинге талон берилген. “Тез жардам" унаасы май куючу жайга кетип жатып бензин түгөнүп, 20 мүнөт токтоп калган. Ал маалда чакыруу болгон эмес”, - билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
26.02.2021. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо силердин машынанар 110 км 150 литр бензин ичеби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: