Жаш агроном: "Бак буталбаса, бара-бара жапайы даракка айлана баштайт"
Бактарды жашынан туура бутап, туура формага келтирбесе, ал чоңоюп калганда оңдоо кыйын болуп каларын багбандар айтып келишет. Бак бутоонун түрлөрү жана ага колдонулган курал-жарактар тууралуу жаш агроном Уланбек Кадырали уулу тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жаз алдында, атап айтканда февраль айынын орто ченинен (кыш чилдеси чыккандан кийин) апрель айларына чейин жазгы бутоо иштери жүрөт. Бутоо иштери бактын туура формага келүүсүн жана азык-түлүктүн туура багытка пайдаланылуусун шарттайт.
Бакты бутабай койсо бак эрте карыйт. Ашыкча бутактары көбөйүп түшүмдүүлүк азаят. Бакка берилген азык-түлүк бутактарына кетип, түшүм майда боло баштайт. Бак кезек менен түшүм бере баштайт. Мисалы, бир жыл түшүм берип, бир жыл бербей калат. Бул көрүнүштү бизде кадимки көрүнүш катары баалашат. Бирок бул туура эмес. Бак бара-бара жапайы даракка айлана баштайт. Жыл сайын майда бутактар чыгып бутактары коюуланып кетет. Жалбырак көп болгондуктан, арасындагы же асты жагындагы мөмөлөргө күндүн нуру жана шамал жетпегендиктен мөмөнүн даамы, өңү өзгөрөт. Ошондуктан бакты жыл сайын бутоо зарыл.
* Форма (келбет) берип бутоо. Кыш мезгилинин акыркы айларында, жаз мезгилинин башында. Бакта суу жүрүү этабы башталганга чейин жасалат. Башкача айтканда, бак "уктап жаткан" мезгилде. Бул учурда бакты туура формага келтирилет. Бутактардын 50-60 пайызы кесилет. Бакта жаңы жаш бутактардын пайда болуусун жана көп түшүм алган учурда бутактардын сынбоосун шарттайт. Бак жашарып, өмүрү узартылат. Күндүн нуру бирдей тийип, жел айлануу системи түзүлөт. Азык-түлүктөн берилген энергия туура багытка колдонулат.
* Жашыл бутоо (чиканка). Бак түшүм байлаганда жасалат. Жаңы чыккан бутактар кыскартылат. Ашыкча мөмөлөр алынат. Түшүмдүн көлөмүн, калибровка жасалат. Түшүмдүн майда же чоң болуусу бутоонун ушул түрүнөн көз каранды.
*Санитардык бутоо, тазалоо. Күзүндө түшүм алынгандан кийин жасалат. Ооруган, сынган бутактары кесилет. Ооруган бутакты убагында кесип салуу бактын толугу менен куурап калуусунан сактайт.
Бутоо иштери бактын түзүлүшүнө жараша болот. Алсак, интенсивдүү бактарда форма берүү, традициялык метод менен өтүлгөн бактарга караганда башкача болот. Мисалы, интенсивдүү бакта бутактар тепкич-тепкич болуп калтырылат жана негизги өзөк, лидер кесилбейт. Ал эми чоң бактарда негизги өзөк 40-50 сантиметр бийиктикте кесилип 4-5 ар тарапты көздөй кеткен бутактар калтырылат. Бутактардын ортосу ачык болот.
Бактарды бутоодо бак кайчысы жана бак араасы колдонулат. Бак араасы курулуш араасынан башкача болот. Жарым ай сыяктуу ийилген жана ичке болуп кесүүчү тиштери майда жана бир тараптуу болот. Азыркы учурда бул араанын да электр энергиясы менен иштөөчү түрлөрү бар.
Ал эми бак кайчысы бутоодо негизги курал. Бак кайчысынын да аккумулятор менен иштөөчү түрлөрү бар. Биз бул жылы Украина өлкөсүнөн атайын буйрутма менен алдырдык. Мындай кайчы менен иштөө жөнөкөй бак кайчысы менен иштөөгө караганда алда канча жеңил. Балдардын колдору талыбайт. Кандай чоң бак болсо да чарчабай иштей беришет. Андан сырткары жумушту тездетет. Бир аккумулятор 4 саатка чейин тынымсыз иштейт жана кошумча аккумулятору да бар. Тилекке каршы мындай буюмдар азырынча Кыргыз өлкөлөрүнүн базарларында сатыкка чыга элек.


