super.kg logo

Өлкөдө цитрус жемиштеринин кайсы түрү көп өстүрүлөт? Жаш агрономдун жообу

 

Көпчүлүк адамдар цитрус жемиштерин жакшы көрүп жешет. Атүгүл, алма, өрүк сыяктуу бакчабызда өсүп турса деп кыялдангандар дагы четтен чыгат. Цитрус өсүмдүктөрүн биздин өлкөдө өстүрүүгө болобу, алардын ичинен кайсылар учурда өстүрүлүп келүүдө деген суроо менен жаш агроном Уланбек Кадырали уулуна кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Кыргыз өлкөсүнүн шартында бардык өсүмдүктөрдү өстүрүү мүмкүн. Ошондой эле цитрус өсүмдүктөрүн дагы. Мисалы, лимонду Бишкекте өстүргөндөр көп. Лимондун көчөтүн кадимки гүл өстүргөн чоң идишке отургузуп өстүрсө болот. Жай, күз айларында короого чыгарып, ал эми кышында үйгө жылуу жерге киргизип койсо кадимкидей эле түшүм берет. Андан сырткары атайын күнөсканада өстүрсө болот.

Лимондон сырткары киви, банан, ананас өстүргөндөр да көп. Киви бадыраң сыяктуу болуп өсөт жана бир сезондук өсүмдүк. Короодо эле өстүрүп түшүмүн алса болот. Ал эми бананды күнөсканада өстүрсө болот. Ош аймагында банан көчөттөрүн өстүрүп түшүмүн алышат", - деди жаш агроном Уланбек Кадырали уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: