Германиянын шаары бир жумада 42 градуска чейин ысып кетти
Германиянын Геттинген шаарында бир жуманын ичинде абанын температурасы дээрлик 42 градуска жогорулады. Бул тууралуу Германиянын метеорологиялык кызматына таянып дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 14-21-февраль аралыгында температуранын рекорддук жогорулоосу катталган. Аптанын башында шаарда абанын температурасы 23,8 градус суук болсо, аягында 18,1 градуска чейин ысыган. Ошентип бир жумада абанын температурасы 41,9 градуска чейин көтөрүлгөн. Буга чейинки рекорд 1880-жылдын май айында Йенада катталып, жети күндүн ичинде абанын температурасы - 5,1ден + 36 градуска чейин ысыган.
Климатологдордун маалыматына караганда, температуранын рекорду эки себептен улам болушу мүмкүн. Айдын ортосунда полярдык бурганактын адаттан тыш кыймылы суук аба ырайын жана кардын көп жаашын шарттаган. Андан кийин Германиянын аймагына жылуу субтропикалык аба келип, күн ысып кеткен.
Буга чейин Германияда бир нече жолу жогорку температура катталып, кыштын максималдуу температурасы боюнча рекорд койду. Гамбургда абанын температурасы +21 градуска чейин ысыган. Берлинде аба +12 градуска, ал эми Ганноверде +14кө чейин чыккан.


