Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Сергей Шойгу менен жолукту. Тараптар эмнени талкуулашты?






Кечээ, 25-февралда Москва шаарында коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана андан ары өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашкан. Ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө стабилдүүлүктү сактоо жана коргоо жаатындагы маселелеринде бирге аракеттенишүүсү талкууланган.
"Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары учкучсуз учуучу аппараттарын пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго жана 5 жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына кол коюшту", - деп жазылат билдирүүдө.


