super.kg logo

Европа өлкөлөрү корнавируска каршы Sputnik V вакцинасы менен жарандарын эмдей баштады

 

Сан-Марино өлкөсү коронавируска каршы орусиялык Sputnik V вакцинасы менен жарандарын эмдөөнү баштады. Маалыматты аталган өлкөнүн расмий булактары тастыктаганын чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматта айтылгандай, алгач жергиликтүү дарыгерлер эмделет. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ал эми Италиянын жарандары эмдөөдөн өткөрүлбөйт.

Сан-Марино алгач Италия менен вакцинаны алып келүү боюнча келишим түзгөн. Бирок, 27-декабрдан тарта, Европа Биримдигинин 27 өлкөсүндө эмдөө иштери башталгандан бери, республика ЕБ тарабынан бекитилген бир дагы вакцинаны ала элек. Орусиялык вакцина Сан-Мариного 23-февралда жеткирилген.

18-февралда Черногорияга Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилген. Өкмөт алгач эмдөөнү алдыңкы катардагы медициналык кызматкерлерден баштоону пландоодо.

Эске салсак, Sputnik V дүйнөдөгү коронавируска каршы катталган алгачкы вакциналардын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: