super.kg logo

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар бериле баштады

 
Айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда да дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө, жеңилдетилген насыялар бериле баштады.
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6 пайыздан 10 пайызга берилген насыялар, дыйканчылык, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъектерин каржылоого, лизингге техникаларды алууга берилет.

"Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет.

Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар, Баткен облусундагы “Айыл Банк” ,”РСК Банк”, “KICB”,”Оптима”, “Кыргызстан” банктарына кайрылса болот.

Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде жалпы облус боюнча "Айыл банкы" жана "РСК банкы" тарабынан 914 ишкер, мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техникаларды алышса, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкерликтерин башташкан", - деди маалымат катчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: