super.kg logo

Бишкекте 50 жаштагы аял сойкулук кылууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды

 

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги батирдин ээси сойкулук кылууга көмөктөшкөн деген шек менен кармалды. Мындан тышкары анын бир нече кылмыш ишине катыштыгы бар экенин Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, шектүү катары кармалган 50 жаштагы А.З. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын үстүнөн А.К. аттуу жаран арыз жазган. Арызда өткөн жылдын 22-июнунда аял жайкы кафеден 14 отургучту уурдап кеткени айтылган. Жабырлануучу келтирилген материалдык чыгымды 35 миң сомго баалаган.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Териштирүү иштеринин алкагында шектүү катары А.З. аттуу аял кармалып, анын алдамчылыкка, бейбаштыкка тиешеси бар экендиги аныкталды. Ошондой эле кармалган аял 167-берене (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча дагы кылмышка шектелүүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: