super.kg logo

Орусияда эркек киши дүкөнгө кирип бараткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды тээп салган

 

Орусиянын Киров шаарында эркек киши 52 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды тээп салган. Эргулдун өздүгү аныкталгандыгын Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, эки күн мурда социалдык түйүндөрдө дүкөнгө кирип бара жаткан адамды далысына тээп салган кишинин видеосу тараган. Андан пенсионердин катуу соккудан кулап түшкөндүгүн көрүүгө болот.

Учурда окуяга шектүү кармалды. Ал Киров шаарынын 33 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси "Сабоо" боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы такталууда жана күбөлөрү суралууда.

Укук коргоо органдары билдиргендей, эргул буга чейин майда уурулук жана машина уурдоо боюнча үч жолу соттолгон. Ал жасаган кылмышы үчүн алган жазасынан 2019-жылдын октябрь айында бошотулган. Кармалган жаран аялы жана 13 жаштагы өгөй кызы менен жашайт, анын өз балдары жок. Таксист болуп иштейт деп айтылат маалыматта.






Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды тээп салган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
26.02.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келесоо башынын жоктугу,кимди кандай тагдыр күтөт кудай билет.
26.02.2021. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эргул деп аябай тергепсинер го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: