super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жол тазалаган кызматкерлер тынымсыз иштеп жатат" дейт тийиштүү мекеме

 

Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылып, "Суусамыр-Талас-Өтмөк ашуусу унаа жолунда жолдор тазаланбай, көчөдө калган адамдар тоңуп калышты" деп билдирген.

Окурмандын суроосуна жооп алуу максатында портал Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Жолдор тынымсыз эле тазаланып жатат, кээде биринчи ирет тазалап кеткенде кайра эле кар жаап салган учурлар болот. Кечээ интернет беттерине тазаланган эле жолду "тазалана элек" деп видео тартып, чыгарып жиберишиптир.

Бирок аныгында жол тазалаган кызматкерлер деле күчүнүн болушунча жолду тазалап, кызматын так аткарууга аракет кылып жатат. Азыркы тапта жолдор баары тазаланып, анда кармалдык деген айдоочулар жок", - деди мекеменин маалымат катчысы.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: