super.kg logo

"Винни-Пух" мультфильминин жаратуучуларынын бири Владимир Зуйков коронавирустан каза болду

 
Белгилүү "Винни-Пух" жөнүндө советтик мультфильмдерди жаратуучулардын бири, анимациялык режиссёр Владимир Зуйков 86 жаш курагында коровирустан каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Владимир Зуйков COVID-19 илдетин жуктуруп алып, анын кесепетинен каза болгон.
Белгилей кетсек, Владимир Зуйков 1935-жылы 27-январда төрөлгөн. Ал эмгек жолун 1967-жылы "Союзмультфильм" студиясында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган. Жалпысынан ал 30дан ашык анимациялык фильмдерди жаратууга катышкан. Ошондой эле балдарга арналган китептерди иллюстрациялап (түшүндүрүү максатында сүрөттөр менен жабдып көрсөтүү), Бүткүл Орусия мамлекеттик кинематография институтунда Анимациялык фильмдердин режиссёрлук бөлүмүндө сабак берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: