Кыргыз Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин сөөгү жерге берилди (сүрөт)




















Опера ырчысы, Кыргыз Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин сөөгү бүгүн, 26-февралда жерге берилди. Маданият, маалымат, спот жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан Сейталиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилгенин кабарлашты.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттик аппараттын бөлүм башчысы, маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, шакирттери жана үй-бүлөсү катышты.
Коштошуу зыйнатында СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуусу окулуп, маркумдун жакын туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айткандыгы белгиленди.
СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 24-февралда узака созулган оорудан улам 83 жаш курагында дүйнө салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.