Таиландда Кыргыз жараны асылган абалда табылды
Таиланддагы кароосуз калган мейманканадан 28 жаштагы Кыргыз баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары жазышууда.
Маалыматка ылайык, адамдын жансыз денеси 21-февраль күнү эртең менен Таланг аймагында кароосуз калган мейманкананын үчүнчү кабатынан табылган. Анын денесинде эч кандай ур-соккунун белгилери байкалган эмес.
Маалым болгондой, маркумдун иниси полицияга 19-февраль күнү кечинде Пхукеттеги үйүнөн чыгып кеткенин, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлери каза болгон жигиттин үй-бүлөсү менен байланышты. Учурда элчилик маркумдун өлүмүнө байланыштуу керектүү документтерди даярдап жатат. Маркумдун өлүмүнүн так себеби азырынча белгисиз.


