super.kg logo

"Ал рулга мас абалында отурган эмес''. Ленин РИИБинин башчысынын орун басары менен болгон окуя боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

 

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары Талгат Өскөналиев рулга мас абалында отурган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"21-февралда рейддик-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда саат 00:05 чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде, мамлекеттик номери MVD218B болгон Лада-Приора үлгүсүндөгү кызматтык унааны ИИМдин улук тергөөчүсү башкарып баратканда Бишкек шаардык патрулдук милициясы тарабынан токтотулган, анда мас абалында унаа айдаган Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери милициянын майору Т.М. болуп чыккан (медициналык кароонун протоколу бар). Анын жанында жүргүнчүлөр отурган орунда Ленин РИИБинин башчысынын орун басары О.Т. отурган", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүлгөндүгүн мекеме белгиледи. Кызматтык унаа айып төлөөчү жайга токтотулган. Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги иликтөө жүргүзүп жатат.

"Мушташ боюнча окуя болгон жок. Ошондой эле Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматтык унаа айдап жүргөндүгү чындыкка дал келбейт", - кошумчалады министрликтин басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, буга чейин ​​Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары Талгат Өскөналиев мас абалында мушташкандыгы тууралуу маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
27.02.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карга карганын көзүн чукубайт далилдеп берип атса да чындыкка дал келбейт деп отура бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: